Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер тууралуу маалымат берди (түз эфир)

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер каралып, жактырылды. Документтер Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди.

Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди. Анда төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору каралды:

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан