Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы 1991-жылдагы карта менен чечилгенин билдирди.
Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар менен иштөөнү карманып келгенин, ал эми кыргыз тарап 1991-жылдагы документтерге таянып келгенин айтты. Ташиев ошол себептүү буга чейин чек ара такталбай келгенин белгиледи.
"Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген. Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен такталды. Буга экинчи тарап макул болду", - деди УКМК башчысы.
Жыйында эки өлкөнүн чек арасы тууралуу маселе каралып, жыйынтыгында депутаттар макулдашуунун долбоорлорун жактырышты.