Түптө 13 жаштагы өспүрүм короосунда асынган абалда табылды 

Ысык-Көл облусунун Түп районунун 13 жаштагы өспүрүмү короодо асынган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы туулган өспүрүм 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында асынган абалда табылган.

"Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин кароо учурунда моюнундагы асылган жиптин изинен башка анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес", - деп билдирди облустук милиция.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан