Түштүк Корея Ким Чен Ын Курскка кошумча күч жөнөткөнүн жарыялады

Февралдын башында Украинанын жаңы чабуулунан кийин Орусиянын Курск аймагындагы орус армиясына Түндүк Кореянын кошумча аскерлери жөнөтүлдү. Бул тууралуу Younhap агенттиги жазды.

"Бир айга жакын тыныгуудан кийин Түндүк Кореянын аскерлери февраль айынын биринчи жумасынан баштап Курск аймагына кайрадан жайгаштырылды", - деп билдирди аталган агенттик Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматына таянуу менен.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматына ылайык, экинчи толкундун алкагында январь-февраль айларында Курск аймагына 1000ден 3000ге чейин Түндүк Кореянын аскери Орусиянын жүк ташуучу кемелери жана аскердик учактары менен жайгаштырылган.

Эске салсак, Украина Орусиянын Курск облусуна жаңы чабуулун быйыл февраль айынын башында баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан