Кыргызстан Европа өлкөсү менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим киргизди

Министрлер кабинети менен Черногориянын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Черногориянын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду", - деп жазылат билдирүүдө.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Черногориянын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган макулдашуу менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган эки мамлекеттин жарандары 90 күндөн ашпаган мөөнөткө өлкөгө кирүү, транзит менен өтүү, анда болуу же экинчи тараптын мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн өлкөгө келген биринчи күндөн баштап 180 күнгө виза алуу талабынан бошотуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан