Чолпон-Атанын тургуну УКМК кызматкерине 29 миң доллар берип жаткан жеринен кармалды (видео)

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну атайын кызматтын өкүлдөрүнө 29 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган деп шектелип жаткан. Бул боюнча январь айында атайын кызмат тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Мындан улам шектүү өз пайдасына чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган. Факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК 27.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан