Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында 2022-жылдын 11-ноябрында Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М. кармалганын маалымдады.
Атайын кызмат ал Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле УКМК аны менен жакын байланышы бар Кара-Суу шаарынын 1998-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну аныкталганын, чогултулган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен иш козголуп, тинтүү жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
"Жыйынтыгында "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылган. 14-февралда Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган. Учурда И.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.