Милиция Бишекте мурда бир нече жолу соттолгон 25 жаштагы кызды кармады

Бишкек шаарында уурулукка шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда борбор калаа милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө М.М. аттуу жаран кайрылып, 9-декабрда болжол менен саат 09:00 чамасында жашы жете элек сиңдиси 125 миң сомдук iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун коомдук транспортто уурдатып ийгенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары бир нече жолу соттолгон, милицияда чөнтөк ууру катары каттоодо турган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан