"Улгайып баратканыма ичим ачышат". Ырчы Айпери Кулбаева 38 жашка толду 

Бүгүн, 27-февралда туулган күнүн белгилегендердин катарында ырчы Айпери Кулбаева да бар. Ал бул жылы 38 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда маанайы эң сонун экенин билдирди.

"Туулган күндүк маанай эң сонун. Эң алгач туулган күнүм менен жолдошум, балдарым куттуктады. Ал эми ата-энем эртең менен чалып куттукташты. Андан кийин досторум, жакындарым, чыгармачылыктагы кесиптештерим куттуктап жатышат.

Бүгүн туулган күндүн урматына, ошондой эле кичүү балам басып калган эле, ошого карата чакан той өткөрүп жатабыз. Досторубузду, жакындарды чакырдык эле, баламдын да тушоосун кесип, туулган күндү дагы өткөрүп коёлу деп.

Мен негизи туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылат. Анан ар 3-4-жылда ушинтип досторумду чакырып белгилеп коём. Туулган күн деген бир жылда бир келүүчү өздүк майрам да. Мен үчүн ар бир туулган күнүм өзүнүн өзгөчөлүгү менен эсте калат. Бир чети туулган күнүм деп сүйүнсөң, дагы бир чети улгайып баратканыңды, жаш кошулуп баратканын көрүп кичине ичиң ачышат", - дейт ырчы айым.

Айпери Кулбаева 27-февралда 1987-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал ОшМУнун искусство факультетин аяктаган.

Айпери Кулбаева 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмүр" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-Прини жеңип алган. 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон.

Ал "Элегия" жана Кутман Султанов менен аткарган "Тамашалуу ыр" аттуу ырлары аркылуу эл оозуна алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан