Депутат Атажанов: "Ош базарда" селсаяктар жайнап кетти"

Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкек шаарындагы "Ош базардын" аймагында селсаяктар көбөйгөнүн белгилеп, чара көрүү керектигин айтты.

"Окуучулар мектепке баргандан коркуп жатат. Бул боюнча чара көрбөйсүнөрбү? Селсаяктарды убактылуу кармап, тамак-аш бере турган жайлар барбы? Селсаяктар жайнап кетти. Шаардын көркүн бузууда", - деди ал.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев 10 күндөн кийин "Ош базарынын" аймагында рейд башталарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан