"Үрүмчүгө барганда аябай кир шаар болчу". Депутат Абакиров Бишкек мэриясына сунуш берди

Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкек шаарынын мэриясына чаң менен күрөшүүнүн жолун айтты.

Ал Кытайдын Үрүмчү шаарынын бийлиги колдонгон саясатты мисал кылды.

"15 жыл мурун Үрүмчүгө барганда аябай кир шаар болчу. Кийин кайра барып калсам ушундай таза шаарга айланыптыр. Анан бийлик өкүлдөрүнөн себебин сурасам, "биз чаң чыкпаган саясатын кабыл алдык" дешти. Ошол эле ишкана, курулуш тармагы болобу чаң чыкпагандай шарт түзгүлө деген талап коюшуптур.

Азыр Бишкекте лай. Байтик баатыр көчөсү менен өйдө чыгып, магистралдан өтсөңөр курулуштар жүрүп жаткандыктан чоң унаалардын лайлары жолдо оодарылып жатат. Анан чаңга айланып, ошол жер туман болуп кетүүдө. Мен дагы мэрияга чаң чыкпаган саясатын кабыл алууну сунуштайт элем. Ар бир курулуштун айланасына чаң чыкпагандай кылып, чөп же башкасы эгилсин", - деди Абакиров.

Борбор калаа мэринин орун басары Рамиз Алиев эл өкүлүнүн сөзү эске алынарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан