Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер каралып, жактырылды. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.
Анда төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору каралды:
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
Кыргыз-тажик чек ара келишимине депутаттар кандай пикирде экенин сурап көрдүк. Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.