Ош шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жазгы үч айлык жарыяланып, мыктыларга 1 миллион сом бөлүнөт. Бул туурасында кечээ, 27-февралда штабдын биринчи отурумунда маалым болгонун муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйынга шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду.
Жазгы үч айлыктын жыйынтыгы төмөндөгү номинациялар боюнча чыгарылат:
- Мыкты муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыгык;
- Мыкты көп кабаттуу үй;
- Мыкты социалдык мекеме;
- Мыкты муниципалдык ишкана;
- Мыкты көчө;
- Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн жеке менчик ишкана.
Жогоруда белгиленген номинациялар боюнча мыктыларга соңунда мэрия тарабынан 1 миллион сом бөлүп бериле тургандыгы маалыматта кошумчаланган.