Аmazon компаниясы АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелани Трамп тууралуу даректүү тасма тартат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тасманын премьерасы 2025-жылдын аягына пландаштырылган. Ал тасманы кинотеатрларда көрсөтүү пландалып жатканы айтылды. Тасманын режиссёру "Час пик" жана "Люди Икс: Последняя битва" тасмалары аркылуу белгилүү болгон Бретт Рэтнер.
Ал эми Мелани Трамп аталган тасманын продюсерлеринин бири. Бирок тасманы тартуу иштери жарыялангандан бери ал өзү жана Трамп бул боюнча комментарий берген эмес. Болгону Amazon компаниясынын басма сөз катчысы тасманы чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдирген. Учурда тасманын чоо-жайы ачык белгилүү эмес.