АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский тууралуу айтканын моюнга алган жок. Бул тууралуу ал кечээ, 27-февралда Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон жолугушууда билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Трамп "Мен ушинтип айттымбы? Мен муну айтканыма ишене албай турам" деп жооп берген журналисттин "Зеленскийди дагы эле диктатор деп эсептейсизби?" деген суроосуна.
Эске салсак, Трамп Зеленскийди шайлоо өткөрүүдөн баш тарткан диктатор деп сынга алган. Ал эми Вашингтонго АКШнын лидери менен жолугушууга барган Стармер Трамптын билдирүүсүнөн кийин Зеленскийге колдоосун билдирген болчу.