АКШда Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн жаңы банкнот чыгаруу сунушталууда

АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн 250 долларлык жаңы банкнот чыгаруу каралууда. Бул тууралуу орусиянын РИА новости басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай сунушту республика партиясынын өкүлү Жо Уилсон Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Мен Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн жаңы 250 долларлык купюраны чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатканыма ыраазымын", - деп билдирген ал.

Уилсондун мындай мыйзам долбоору тирүү адамдардын портреттерин америкалык акчага түшүрүүгө тыюу салынган 1866-жылдагы мыйзамга карама-каршы келет. Ошону менен катар эле 1969-жылы кабыл алынган 100 доллардан өйдө банкнот чыгарууга тыюу салынган мыйзамга дагы туура келбей тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-02-28 12:18:00
250 доналт барбы деп калабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан