Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк куралды колдонууга даяр болууга чакырды. Анын сөздөрүн Кореянын борбордук маалымат агенттиги жазды.
"Урматтуу Ким Чен Ын ядролук куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын ырааттуу жогорулатуу, аларды колдонууга толук даяр болуу керектигин айтты", - деп жазды аталган басылма.
Ким Чен Ын өзөктүк куралды колдонууга даяр болууну стратегиялык канаттуу ракеталарды кезектеги сыноолордо айткан.
Бул Түндүк Кореянын жыл башынан берки төртүнчү ракета сыноосу. Акыркы жолку сыноо 25-январда болгон. Анда Түндүк Корея суу астынан коё берилген снарядды сынаган.