Адам укуктары боюнча кичи комитеттин төрагасы Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттары Кыргызстандагы акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева менен жолугушту. Бул туурасында институттан кабарлашты.
Маалымдалгандай, тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууну талкуулашты. Ага улай аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо, аларга карата зордук-зомбулукка жол бербөө, эрте никенин алдын алуу боюнча да сөз болду.
Жоробаев институт жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу менен мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүп, адам укуктарын коргоо боюнча иш жүргүзөрүн белгиледи. Ал институтка жарандар тарабынан кайрылуулар көп түшүп жатканын, бул элдин акыйкатчыга болгон ишеними артканынан кабар берерин баса белгиледи.
Мунир Сатури “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынып, адам укуктарын коргоодогу маанилүү миссияны аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлө тургандыгына ишеним артты.