Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Украинадагы согуштук аракеттер токтосо, Лондон ал жакка аскерлерин жана учактарын жөнөтүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирген.
Стармер мындай чара тынчтык келишиминин бекем болушу үчүн көрүлөрүн белгилеген.
"Мен Улуу Британия келишимдин аткарылышын камсыз кылуу үчүн кургактык күчтөрүн жана аба күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин ачык айткым келет... Тынчтыктын бекем болушуна ынануунун бирден-бир жолу", - деген ал.
Ошондой эле премьер-министр Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча кандай гана келишим болбосун адилеттүү болушу керектигин айткан.
Кир Стармер менен Дональд Трамптын жолугушуусу кечээ, 27-февралда Вашингтондогу Ак үйдө өттү.