Дмитрий Биволдун Бетербиевди уткандан кийинки рейтингдеги орду белгилүү болду

Жеңил салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол акыркы беттешинен кийин дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин рейтингинде төртүнчү орунду ээледи. Мындай рейтингди белгилүү бокс басылмасы The Ring Magazine чыгарган.

Маалыматка ылайык, биринчи орунда дагы эле украиналык мушкер Александр Усик турат. Ал эми экинчи катарда япониянын абсолюттук чемпиону Наоя Иноуэ болсо, үчүнчү орунду америкалык Теренс Кроуфорд ээлеген.

Ал эми төртүнчү орунду жеңил салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол ээлеп, мурдагы титул ээси Артур Бетербиевди басып өткөн.

Белгилей кетсек, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.

Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан