Бишкек шаарында мурдагы бала бакчанын имараты жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Маевка айылында жайгашкан бала бакча 1994-жылы мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, кийин жеке менчикке сатылып кеткен. Андан бери имарат кароосуз калып, талкаланган. УКМК объект бүгүнкү күнгө чейин дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулуп келгенин белгиледи.
"Пайдалуу аянты 735,8 чарчы метр, турак жай аянты 460,5 чарчы мерт, жер тилкеси 0,63 гектар болгон бала бакча Бишкек шаарынын мэриясынын балансына максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат мүлккө ээлик кылган жаран мыйзамсыз болгонун түшүнүп, өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин кошумчалады.