Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы жана Украинанын Лондондогу элчиси Валерий Залужный Орусия менен жаңжал улана турганын жарыялады. Бул тууралуу украиналык Телеграм каналдар жазышты.
Залужный Украина багынбай турганын жана сөзсүз жеңишке жетерин билдирген.
"Бул согуш бүтпөйт, сиздердин (ред.: Батыш өлкөлөрү) жардамыңыздар менен биз жеңишке жетебиз", - деген ал Лондондогу чиркөөгө барган учурда.
Ал Батыш өлкөлөрүн Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырып, жаңжал дагы эле уланып жатканын белгиледи.
Украиналыктар Залужный муну менен Украинадагы президенттик шайлоого карата пиар кампаниясын баштады деген пикирлерин билдиришүүдө.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Владимир Зеленскийдин рейтинги Валерий Залужныйдан эки эсе төмөн экенин айткан.