
Ош шаарында бир катар й кадрдык өзгөрүү орун алды. Бул туурасында бүгүн, 28-февралда мэриядан кабарлашты.
“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абай Большевиков "Жапалак унаа базары" муниципалдык ишканасына директор болуп барды.
Ал эми жарандарды тейлөө бюросунун башчысы Нурсултан Шакир уулу “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Ошондой эле "Жапалак унаа базары" муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген Нурмухаммед Каракулов Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болду.
Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.