Бишкекте куралдуу кылмыш жасоону көздөгөн деп шек саналган 30 жаштагы чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери аталган жаран курал-жарак менен камсыз болгонун жана кылмыш жасоону көздөп жүргөнүн аныкташкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жери тинтүүгө алынып, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору, СИМ-карталар, банк карталар жана шек жараткан китептер табылган.
ИИМ кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.