Чүйдө эки жылкы уурдап келе жаткан жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда жайлоодон эки жылкы уурдап келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга ыкчам маалымат келип түшүп, шектүү жандыктарды Сокулук районуна сатуу үчүн алып келгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүмүнө (Мал уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1995-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жылкылар өз ээсине кайтарылып, тергөө уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан