Япониянын Иватэ префектурасындагы токой өртүнүн аянты эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо 1200 гектарга жакын жерди жалмап кеткен. Өрт өчүрүү кызматы жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү жерден жана абадан өчүрүүгө даярдыгын күчөтүштү. Күн мурун тартылган 10 учакка дагы алтоо кошулган. Ал эми 3306 жаранды эвакуациялоо иштери да кошумча жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин 26-февралда Иватэ префектурасынын үч районунда өрт чыкканы айтылган. Анын жалпы аянты 600 гектар болуп, 84 үй жабыркаганы айтылган. Ал эми 2 миңден ашуун жаран коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн.