Кытайдын министри Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү Москва менен Пекин дейт

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Орусия менен Кытай жеңишке жетишкен өлкөлөр катары Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын жана тарыхый чындыкты коргоосу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен Пекинде өтүп жаткан жолугушууда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Биздин өлкөлөр Экинчи дүйнөлүк согуштун негизги жеңүүчүлөрү жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын жана тарыхый чындыкты коргоп, бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактап, планетабыздын өнүгүшүнө көмөктөшүшү керек", - деген ал.

Бүгүн, 28-февралда Сергей Шойгу Пекинге Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Ван И менен сүйлөшүү үчүн барганы кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан