Ысык-Көл облусундагы Каракол лыжа базасында казакстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-февралда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол лыжа базасында белгисиз жаран лыжа тээп бара жатып кырсыктап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
"Казакстандын 1982-жылы туулган Ж.В. аттуу жараны сноуборд тээп түшүп келе жатып, өзү менен бирге Казакстандан келген досу менен кагылыша кеткен. Натыйжасында 43 жаштагы жаран алган оор жаракатынан улам ошол жерде каза болгон", - деп билдирди милиция.
Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери уланууда.