Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу быйылкы сезондун алдында дагы жаңы 3 футболчу менен келишим түздү.
Клубдун басма сөз кызматы билдиргендей, канттык клубга Нигерия, Гамбия жана Украинанын футболчулары кошулган. Тагыраагы, 24 жаштагы гамбиялык коргоочу Мухаммед Санне, 30 жаштагы украиналык коргоочу Михаил Калугин жана 20 жаштагы нигериялык жарым коргоочу Уильямс Манджи "Абдыш-Атанын" курамын толуктады.
"Келишимдерге кол коюлду, эми алар биздин команданын бир бөлүгү", - деп билдирди клуб.
Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондукта 4-мартта башталат.