Ошто милиция баңгизат менен алектенүүгө шектелгендерди 5 ай артынан жүрүп кармады (видео)

Ош шаарында баңгизат менен алектенип келишкен деп шек саналып үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр сентябрь айында милицияга алар тууралуу маалымат түшүп, факты боюнча 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринде шектүүлөр Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары экенин аныкталган жана арасында бир нече жолу соттолгон адам да бар экени такталган.

Милиция кызматкерлери далил фактылар жетиштүү болуусу үчүн алардын аркасынан беш ай түшүшкөн. Натыйжада М.Б., Т.Т. жана А.Э. тарабынан баңгизаттар сакталып жана сатылып жатканы тууралуу жетиштүү далилдер топтолгон. Мындан улам укук коргоо кызматкерлери соттун чечими менен алардын жашаган жерлеринде тинтүү иштерин жүргүзүшүп, жалпысынан салмагы 58 граммды түзгөн гашиш баңгизатын жана бир даана 16 калибриндеги атайын кесилип даярдалган ок атуучу курал табышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

28.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан