Рамазан айынын урматына MEGAдан акысыз интернет жана чалуулар

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жалпы мусулмандарды ыйык Рамазан айынын келиши менен чын жүрөктөн куттуктайт! Бул куттуу мезгил бардык кыргызстандыктарга жакшылыкты, бакубатчылыкты жана өз ара түшүнүшүүнү алып келсин.

Рамазан айынын урматына мамлекеттик оператор салттуу түрдө “Чексиз түн” атайын акциясын баштайт. 2025-жылдын 1-мартынан 30-мартына чейин компаниянын бардык абоненттери бул кызматты акысыз пайдаланып, түнкү убакта чектөөсүз байланышта боло алышат.

Бул кызмат саат 00:00дөн 08:00гө чейин мүмкүн болгон эң жогорку ылдамдыктагы чектөөсүз интернет менен камсыз кылат. Мындан тышкары, абоненттер MEGA тармагынын ичинде акысыз чалууларды аткарып, SMS жөнөтө алышат. Күн сайын түнкүсүн колдонуучуларга кандайдыр бир төлөмдөрсүз 480 мүнөт сүйлөшүү убактысы жана 480 SMS билдирүү жеткиликтүү.

Кызматты кошуу үчүн *091*1# буйруусун терүү керек.

Мындан тышкары, MEGA24 мобилдик колдонмосунда Oрозо онлайн-календарына ыңгайлуу жетки алуу берилет. Сиз өз аймагыңызда орозо жана намаз убактысын так көзөмөлдөө жана бир дагы маанилүү мүнөттү өткөрүп жибербөө үчүн өзүӊүз үчүн ооз бекитүү жана ооз ачуу тууралуу эскертүүлөрдү орното аласыз.

Толук маалымат компаниянын расмий сайтында берилген.

MEGA өз кардарларын пайдалуу сунуштар менен кубандырууну улантат жана маанилүү мезгилде ыңгайлуу баарлашууга кам көрөт.

MEGA – мыктыны тандоо!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан