АКШнын президенти Дональд Трампка жасалган кол салууга уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси болушу мүмкүн. Бул тууралуу New York Post басылмасы жеке тергөөчү Дуг Хэгманга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
"Биз ал (ред.: өлтүрүүгө шектелген Томас Мэтью Крукс) жалгыз аракет кылган жок деп ойлойбуз. Аны колдонушкан. Митингдин өзүндө да ага жардам бергендер бар экенин жокко чыгарбайм", - деген ал.
Басылма Хэгман ал кылмыштуу топ дагы деле бар экенинен күмөн санабай турганын жана алардын АКШнын президентин жок кылуу максаты өзгөрбөйт деп эсептээрин жазат.
Белгилей кетсек, Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.
Атайын кызмат ок аткан адамды дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланды. ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялаган. Ал эми ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдаган.