Коңшу Кытайда 17 баланы уурдап, сатып жибергени такталган 61 жаштагы Ю Хуайинге карата өлүм өкүмү аткарылды. Бул тууралуу Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасы билдирди.
"Жогорку Элдик соттун жактыруусунан кийин Гуйчжоу провинциясынын Гуйян шаардык орто элдик соту Ю Хуаинге карата өлүм жазасын 28-февралда аткарды", - деп жазылат анда.
Былтыр октябрда Гуйчжоу провинциясынын соту 61 жаштагы Ю Хуайинди өлүм жазасына кескен.
Сот аныктагандай, 1993-жылдан 2003-жылга чейин Ю Хуайин шериктери менен Гуйчжоу жана Юннань провинцияларынан жана Чунцин шаарынан 17 баланы уурдап кеткен. Ал алардын баарын Хэбэй провинциясында саткан.
Сатылгандардын арасында дарга асылган аялдын өзүнүн дагы баласы бар болгон.