Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун №11 М.Алыкулов атындагы гимназия-мектебинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бакшы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, алар жумуш убактысын эсепке алуу документтерин жана маяна тизмелерин жасалмалоо жолу менен иштебеген кызматкерлерге эмгек акы эсептешкен. Ошондой эле иш жүзүндө өткөрүлбөгөн ийримдер үчүн акча каражаты сарпталды деген негиз менен расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, ири өлчөмдөгү акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренеси боюнча кылмыш иштери козголду. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Базар-Коргон РИИБине өткөрүлүп берилди.