Бүгүн, 28-февралда Ош облусунун Араван районунда картошка эгиле баштады. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алгач түшүмдү эгүү Юсупов айыл аймагындагы талааларда башталган. Жергиликтүүлөр жер айдалып, азыктандырылып, анан картошка ташталгандыгын айтышкан.
Ал эми ошол эле маалда Бишкекете өткөн жыйында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн төрт облусундагы айрым аймактарында эки жолу түшүм алуу мүмкүн экендигин билдирген.
“Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашкан. Ошол эле учурда талаа чарбачылыгынын кирешесин жогорулатууда интенсивдүү айыл чарба технологияларына өтүү зарыл. Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки жолу түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл", - деп билдирген Төрөбаев.