Быйыл өлкөдө өнөр жайы тармагында 55 ишкананы ачуу мерчемделүүдө

Быйыл экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында 55 жаңы объект ишке берилет. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, аны каржылоо үчүн жалпысынан республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 миллиард 196 миллион сом сарпталары пландалган.

Алардын ичинен:

  • 13 соода-логистикалык борборлор жана кампалар;
  • 6 этти кайра иштетүү жаатындагы ишканалар;
  • 6 балык өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкана;
  • 11 жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана;
  • 1 жер семирткичтерди чыгаруучу завод;
  • 1 тамеки заводу;
  • 4 данды кайра иштетүү жана кондитердик азыктарды өндүрүү ишканалары;
  • 3 жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү ишкана;
  • 3 май сыгуучу цех;
  • 5 сүттү кайра иштетүүчү ишкана;
  • 2 карантиндик фитосанитардык лаборатория.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан