Universal Pictures студиясы 2026-жылдын 23-декабрында чыга турган көптөн күткөн "Шрек 5" мультфильминин биринчи тизерин чыгарды.
Күйөрмандар анимация стили өзгөргөнүн жана жаңыланган каармандардын дизайнын дароо байкашкан.
"Шрек 5" мультфильминин бет ачары 2026-жылдын декабрында болот.
DreamWorks Pictures компаниясынын "Шрек" мультфильми дүйнөгө эң кеңири тараган мультфильмдердин бири. Анын бет ачары 2001-жылы болгон. Мультфильм дүйнө жүзү боюнча 487 миллион доллар киреше таап, компанияны кризистен сактап калган.
Андан кийин мульфильмдин үч уландысы дагы жарык көргөн ("Шрек 2", "Үчүнчү Шрек" жана "Шрек түбөлүк). 2024-жылы июлда компания "Шрек" сериалынын бешинчи бөлүгү 2026-жылы чыгарын жарыялаган.