Ош облусунун Араван районунун акими болуп Данияр Эркимбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 28-февралда кабарлады.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Сейтек Кулубаев аркалап келген. Ал 21-февралда кызматтан алынган.