Сокулук районунун Кожомкул айылынын Суусамыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өрт саат 21:52де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.