Адылбек Касымалиев америкалык кардиохирургдар тобу менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга келген медицина илимдеринин доктору Уильям Новик баштаган америкалык дарыгер-кардиохирургдар тобу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматында айтылат.

Анда Касымалиев дарыгерлерге жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган балдарга операция жасоо боюнча долбоорго катышуу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз кардиохирургия — бул профессионалдуулукту гана эмес, олуттуу күч – аракетти талап кылган медицинанын жогорку технологиялык тармагы экенин түшүнөбүз жана сиздердин жардам биз үчүн абдан маанилүү", - деп баса белгиледи ал.

МинКаб башчысы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал америкалык дарыгерлердин сапары тажрыйба алмашууга жана кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатууга кызмат кылаарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда Касымалиев мындан аркы кызматташууга жана өлкөдө кардиохирургияны туруктуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого даярдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан