Биз социалдык тармакта

Араванда баңгизатын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды

Ош облусунун Араван районунда баңгизатын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган райондо “Үй-бүлө” аталышындагы рейддеги кыдыруу учурунда айыл тургунунун үйүнүн короосунда шек туудурган өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүктөр табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Төө-Моюн айыл аймагына тургуну 1972-жылы туулган К.К., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тинтүү учурунда 2 килограммга жакын болгон кургатылган өсүмдүктөр алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан