Токмокто кичинекей кызды уурдап кеткен жаран кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында кичинекей кызды уурдап кеткен жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга 2003-жылы туулган А.М. аттуу келин кайрылган. Анда ал 2021-жылы туулган биринчи никесиндеги кызын, чогу жашаган жигити уурдап кеткендигин айткан. Ошондой эле ал тараптан коркутуулар болуп жаткандыгын кошумчалаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам урдоо) менен кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында мурда сот жообуна тартылган 1985-жылы туулган А.Р. аттуу киши кичинекей кыз менен Токмоктун четинен табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча аял менен эркек киши Токмоктон Бишкекке бара жатып, кызганычтын айынан уруша кетишкен. Андан соң аялды жол ортосуна таштап, кызын алып кетип калган.

Учурда А.Р. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан