
Ысык-Көл облусунда жер титирөо катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 14:12де өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилгендиги маалыматта кошумчаланган. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.