Албаниядагы рейтингдик мелдеште Раззак Бейшекеев алтын утту

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин финалында Кыргызстандын 67 килограмм салмактагы балбаны Раззак Бейшекеев малдовалык Влентин Петикти утуп алды.

Беттеш 11:0 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны алтынды илип кетти.

Бейшекеев жарым финалда грузялык балбан Жони Хецурианини 6:2 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, Албаниянын Тирана шаарында күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча рейтингдик турнир өтүп жатат. Анда өлкө намысын жалпы 33 спортчу коргоп жатат. Алардын төртөө кыздар. 26-февралда башталган мелдеш, бүгүн, 2-мартта жыйынтыктала тургандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан