52 мото-скутер айып короо жайына киргизилди. Өлкөдө рейд жүрүүдө (видео)

Өлкөдө мопед, скутер айдагандарга рейд жүрүүдө. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, эки күн ичинде жол эрежелерин бузган жана тийиштүү докумменттери жок 233 мото-скутер айдаган жарандарга тийиштүү айып пулдар салынып, 52си айып короо жайына токтотулду.
"Соңку учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып жаткандыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан мопед, скутер айдагандарга карата көзөмөл күчөтүлүүдө.
Анын алкагында жол эрежелерин одоно бузуп, айрыкча түнкүсүн катуу үндөр менен элдин уйкусун бузуп, катуу ылдамдык менен айдап башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жараткандарга катуу чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө рейд жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан