Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин финалында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы америкалык Даймонд Гилфордго утулуп калды.
Беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны күмүш медалга ээ болду. Айпери жарым финалда украиналык Анастасия Алыпеваны 10:0го жеңген.
Мындан тышкары финалга чыккан Дөөлөтбек Чойбеков да күмүш медалга татыса, 63 килограмм салмактагы балбан Баяман Апилов колону багындырды.
Белгилей кетсек, Албаниянын Тирана шаарында күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча рейтингдик турнир өтүп жатат. Анда өлкө намысын жалпы 33 спортчу коргоп жатат. Алардын төртөө кыздар. 26-февралда башталган мелдеш, бүгүн, 2-мартта жыйынтыктала тургандыгы айтылган.