Эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин өлүмүнүн алдын ала себеби – жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Бувайсар Сайтиев Москвадагы ооруканага 2-март күнү түшкү саат экилер чамасында күчтүү заттарга ууланган абалда түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, балбан өпкө оорусу менен ооруган. Ал ооруну басаңдатуу үчүн курамында күчтүү заттар бар дарыларды колдонгон. Мындан улам ал өзүн жаман сезип, үйүндөгү күзөтчү "Тез жардам" чакырган.
Ооруканага жеткирилген легендарлуу балбан көп өтпөй каза болгон.
Бувайсар Сайтиев 1996-жылы Атлантада, 2004-жылы Афиныда жана 2008-жылы Пекинде 74 килограмм салмакта Олимпиада чемпиону болгон.