
Өлкө аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылды. Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгону ӨКМдин маалыматында айтылат.
"Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.