Түштүк Каролинада токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал киргизилди

АКШнын Түштүк Каролина штатынын губернатору Генри Макмастер токой өртүнөн улам штатта өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактарында кабарланды.

Андагы маалыматка ылайык, 1,7 миң гектарга жакын аянттагы 175тен ашык токой өртүн өчүрүү иштери уланууда. Өрттүн жайылышы негизинен кургак жана шамалдуу аба ырайына байланыштуу экени айтылды.

"Учурдагы токой өрттөрүнүн негизги бөлүгү Пи-Ди аймагында топтолгону менен, штаттын калган бөлүгүндө токой өрттөрүнүн көбөйүшү байкалууда. Бул өрт өчүрүүчүлөргө кошумча оорчулук жаратууда", - деген штаттын Токойду коргоо кызматынын директору Жонс.

Эске салсак, Лос-Анжелестеги бир нече токой өрттөрү 7-январда башталган. CNN телеканалынын акыркы маалыматы боюнча, анын кесепетинен 28 адам каза болуп, 16 миң гектардан ашык жер өрттөн жабыркаган. 14-январда Калифорниядагы өрттөн келтирилген зыян 250 миллиард доллардан ашканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан