Лондондо Украина боюнча Европа лидерлеринин саммити өттү

Лондондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер уюштурган Европа лидерлеринин Украина боюнча саммити өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын лидери Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони, Польша, Чехия, Румыния, Нидерланд, Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Канада өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары катышты. Мындан тышкары Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте да болгон.

Кир Стармер саммиттин башкы максаты согушту кантип токтотуу багытындагы пландарды иштеп чыгуу экендигин билдирген. Ал бул демилгени АКШ менен талдап, анан ишке ашыруу керектигин кошумчалаган.

Жолугушуунун катышуучулары төмөнкү төрт кадам боюнча макулдашышты:

  • Согуш аракеттери уланып жаткан учурда Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу жана Орусияга экономикалык басымды күчөтүү;
  • Кайсы мамлекет болбосун Украинанын суверенитетин жана коопсуздугун камсыз кылышы зарыл жана Украина боюнча сүйлөшүүлөр аларсыз өтпөшү керек;
  • Тынчтык келишими түзүлсө, европалык лидерлер келечекте Орусиянын Украинага басып киришинин алдын алууга аракет кылышат;
  • Украинаны коргоо жана өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн “каалагандардын коалициясы” түзүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган. Андан соң Дональд Трамп менен Зеленский социалдык баракчаларына жолугушуу боюнча өз ойлорун калтырган. Зеленский АКШда болгон иш сапарынан соң Лондонго учуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан